super.kg logo

Казак премьер-министри чек арадагы кырдаалдын жаралышына кыргыз тарапты күнөөлөдү

 

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйыны 25-октябрда Армениянын борбору Ереванда болду.

Анда Кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков казак тараптын чек ара бекеттеринде киргизген чектөөлөрү ЕАЭБ келишимдерине каршы келерин айтты. Ал эми Казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев ага жооп кылып, Кыргыз жергеси аркылуу өтүп жаткан Кытай реэкспорту тууралуу маселени ортого койду.

"Кесиптешибиз Сапар Жумакадырович азыр Кыргыз-Казак чек арасында кыйынчылыктар бар экенин айтты. Мен анын себептерин айтып берейин. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматы боюнча, 2016-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө 201 миллиард доллар товар импорттолгон. Анын басымдуу бөлүгү 22,7 пайызы Кытайдан келүүчү товарлар. 2014-2016-жылдарга алынган анализдер боюнча, Кыргыз мамлекетинен тышкары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө Кытайдын импорту төмөндөгөн: Казакстанда 2 эсе, Орусияда 4 эсе", - деди Казакстандын премьер-министри.

Сагинтаев Кыргыз менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, кыргыз тарап бажы көрсөткүчтөрүн азайтып келерин билдирди. Бул көрүнүштү Кытайдан айрым товарлар бажы алымы алынбастан, аткезчилик менен өтүп жатканы катары белгиледи.

"Жалпысынан үч жыл ичинде Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөр бажы алымдары жана салыктан 2 миллиард 687 миллион доллар зыян тарткан", - деди Сагинтаев. Буга байланыштуу ал Кыргыз-Казак чек арасындагы абал катуу көзөмөлгө алынып жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
26.10.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элде эмне куноо ошол чондор таможныйдагылар окмотко налог толобой жеп жатышат да ошол чондорду кыйнаш керек карапайым элде эмне куноо.
26.10.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жон эле шылтоо соз да.Ажонордун созуно жаптык деп эле айтпайбы ачыгын эле."Вокруг да около"болбой!
26.10.2017. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ачуу чындык...
26.10.2017. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми ушул казактын премьер министрине китай реакция кылсын КЫТАЙ азыр дуйно рыногун ээлеп алган айласыз аласынар анын несине арданып чек араны жабасынар?
26.10.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Негизи кыргыздар мойунга алышыбыз керек кунообузду ким бироолор баш болуп телефон сотка ташып жатабызго самалётубуз кулагыча.
26.10.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Миллион деген ат ушудан чыгып журотда
26.10.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Назарбаев канчага чыкты, канча башкарат? Бакиевчилби аны озу билет. Эмне учун Атамбанв ушуларды айтып балп этет? Эми Казак тарап куноолуу деп уялбай.
26.10.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оозум бар деп сүйлөй берсе карапайым калк кыйналат.Президент би эмес экөө го барып кечирим сураганга негедир духтары жетбейт үйдө баатыр жоодо жок
26.10.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Атамбаев күнөөлү баарына,элдин ырыскысына ХХХХ кетип жатат кнтээринде жөн кетбей.Президенттик срогу бүтсүн 25 суроом бар.Мультимилионер неме чыгаша болуп зыянга учарагандардын чыгымын төлөп берсин.Көп сөз айтат элем 2-декабрда айтам.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-26 11:35:14
26.10.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Томожный союзга киргенден бери элге эч кандай пайда тийген жок только зыян.
26.10.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапар Исаков эч нерсе чече албааайт деп айткам.
26.10.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кептин баары Атамбаевде... Эми Казахстандын Окмот башчысы "чек араны ажонордун алжыган созу учун жаптык" десе не этичный болуп калбайбы?!!

Болбосо баары эле тушунуп турат, баарына Атамбаев куноолуу экенин.... Дагы бизде ар жок, АША ыплас шайлоо менен мураскерин такка отургузса, унчукпай конуп бердик... Ошол учун да шорубуз арылбайт биздин...
26.10.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot7,туптуура айтынар да озубузду озубуз сатып ошо АША лардын колуна свтып бердик го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: