Жогорку Кеңеште гематолог Мээрим Эралиеваны коркуткан депутаттардын бири Нарынбек Молдобаев экендиги белгилүү болду
29-майдагы ЖКнын жыйынында "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев боюнча депутаттарга маалымат берген гематолог-дарыгер Мээрим Эралиеваны коркуткан экинчи депутат Нарынбек Молдобаев экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда ЖКнын жыйынында депутат өзү билдирди. Айтымында, ал өзү сарык оорусунун С түрү менен ооруйт. Кыргызстанда бул ооруну аныктоочу бир гана лаборатория бар. “Бул кыз Нарынга барып диагноз койдум деди, гематолог сарык оорусу диагнозун кантип койду? Ал жерде атайын жабдуу керек”,- деди эл өкүлү. Ал эми депутат Ташполот Балтабаев, "Мээрим Эралиевага чейин Нарын шаарынын дарыгерлери ага сарык оорусунун С түрү менен жабыркайт" деген диагноз коюшкандыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















