"Союз кезинде Кербен шаарга окшош айыл болсо, азыр айылга окшош шаар" дейт депутат Эргешов
Жогорку Кеӊештин 26-октябрдагы жыйыны уланууда.
Жыйында депутат Алмазбек Эргешов Аксы районунун борбору каралбай калганын айтты.
"Союз маалында Кербен шаары айыл деген статуста болгону менен шаарга окшош эле. Эгемендик алгандан кийин Кербенге шаар деген статус берилген, бирок кебетеси айылга окшошуп бара жатат. Бүгүн Кербен чоӊ базарга айланды, курулуштар белгиленген чектен сырткары чыгып курулууда. Экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясына тапшырма берилиши керек. Ушул жана Таш-Көмүр шаарынын генералдык планын аныктап, шаар кантип өсөрүн аныктоо керек болуп турат. Бул шаарлар кантип өнүгөт, кандай өзгөчөлүктөрү бар, социалдык жайлар кайсы жерлерге курулат, мунун баарын аныктоо зарыл", - деди Эргешов.
Маалымат үчүн: Аксы районунун борбору Кербенге шаар статусу 2004-жылы берилген.




1 |