Тынчтык Шайназаров шаарда унаа тыгындарын азайтуунун жолун атады
Депутат Тынчтык Шайназаров Бишкек, Ош шаарларында жеке турак жайлар жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерге салынып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бул маселеге баарыбыз эле күбө болуп жатабыз. Жолдон жөө адамдар өтө албай, арыктар тосулуп жатат. Жашылдандыруу маселеси оор абалда. Сугарылбаган дарактар кулап, унааларды басып калууда. Ушул маселеге өкмөт көңүл бурушу керек. Мындай баш аламандыкты токтотуп, тартип болуусу шарт. Бул көйгөй чечилсе жолдогу унаа тыгындар дагы азаймак", - деди Шайназаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
-1

Ким шайлады ушуга окшогон "акылдууларды"?!!