super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Кыргыз-Казак кризисинде өлкөнүн ЕАЭБдеги өкүлдөрү үн катпай жатканын айтышты

 

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттар Кыргыздын ЕАЭБдеги өкүлдөрү Кыргыз-Казак кризисинде үн катпай жатканын айтышты. Депутат Таалайбек Масабиров абалды жөнгө салуу үчүн Евразиялык экономикалык комиссияны өлкөгө чакырууну сунуш кылды.

"Евразиялык экономикалык комиссия деген бар. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден министрлер дайындалган. Тактап айтканда, өкүлдөр. Беш мамлекетти ошол комиссия толук көзөмөлгө алып, координациялайт. Бүгүнкү күнгө чейин биздин комиссиядагы мүчөлөр Кыргыз-Казак чек арасындагы абал боюнча үн ката элек. Экономика министрлиги аркылуу Евразиялык экономикалык комиссиядагы Кыргыз тараптын мүчөлөрү сунуш кылышы керек. Комиссия бизге келип чек арадагы абал боюнча таанышып кетиши керек. Бажы биримдигине киргенде, товарлардын, жумушчу күчтөрдүн, капиталдын эркин жүгүртүлүшү боюнча келишим түзгөнбүз. Бүгүнкү күндө бул нормалар сакталбай жатат", - деди Масабиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: