super.kg logo
  Саясат  

Астанада Кыргызстандын Евразиялык интеграциялык процесстерге катышуусу боюнча билдирүүгө кол коюлду

 
Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Украина жана Беларусь өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары
Алмазбек Атамбаев Астанада Кыргыз Республикасынын Евразиялык интеграциялык процесстерге катышуусу жөнүндө билдирүүгө кол койду
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын Евразиялык интеграциялык процесстерге катышуусу жөнүндө билдирүүгө кол коюуда
Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Украина жана Белорусь өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары

Кечээ, 29-майда президент Алмазбек Атамбаев Астанада өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты. Жыйынга Орусиянын президенти Владимир Путин, Украинанын президенти Виктор Янукович, Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Евразиялык интеграциялык процесстерге катышуусу жөнүндө билдирүүгө кол коюлду. Билдирүүдө: “Мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш  Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин органдары менен өз ара кызматташууну өнүктүрүү боюнча демилгесин, ошондой эле Евразиялык экономикалык союздун толук кандуу  мүчөсү болуу ниетин колдогондугу тууралуу билдирет. Тиешелүү сунуштар жакын арада  Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан даярдалат”, деп жазылган. Ошондой эле жыйында Евразиялык экономикалык комиссия менен Кыргызстандын ортосунда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумдун долбоору тууралуу чечимге кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: