super.kg logo

Бишкек ШИИББи: "Бишкекте бычакталган милиция кызматкери үйлөнөм деп эмгек өргүүсүнө чыккан"

 

Бишкекте өлтүрүлгөн милиция кызматкери Уларбек Майрамбеков үйлөнүү үчүн эмгек өргүүсүнө чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Уларбек Майрамбеков 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Ал 2014-жылы Орусиянын ИИМ академиясын аяктап, Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында аймактык тескөөчү болуп иштеген. Ал эми 2016-жылдан тарта Биринчи Май РИИБинде ыкчам кызматкер катары иштеп жүргөн.

"Уларбек Майрамбеков бир күн мурун эмгек өргүүсүнө кетүүгө рапорт жазган. Анда үйлөнүү үчүн кетип жатканы айтылган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү изделүүдө", - деп билдиришти ШИИББден.

Айта кетсек, окуя 26-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз адам Уларбекти бычак менен сайып кеткен. Жабырлануучу ошол жерден жан берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.10.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле болуп жатат.жаткан жери жайлуу болсун жапжаш экен.туугандарына сабыр дейм
26.10.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ata enesi meenet kilip rossiada okutup emi uzurun koroyun degende kayaktagy biroo olturup ketse, kanday okunuchtuu. Jatkan jeri jayluu bolsun ! Apasyna ayabay boorum orup jatat
26.10.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милициялардын душманы коп болот.
26.10.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улар досумун жайы жаннаттан болсун . Классташ дос болчук , эч нерседен коркбогон чыныгы Кыргыз уулу болчу . Кудай билип билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: