Ишкерлерге мыйзамсыз иш козгогон укук коргоо кызматкерлерин 7 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү депутат Акылбек Жапаров сунуштоодо. Бул мыйзам долбоору буга чейин эки окуудан өтүп, үчүнчү окууда бүгүн, 26-октябрда парламент жыйынына киргизилди.
"Бул мыйзам долбоору ишкерлер сот тарабынан акталып, эгер сот тарабынан чоң чыгымга учураганы аныкталса, прокурор же тергөөчүнү жоопкерчиликке тартууну көздөйт. Ишкер 1 миллион сомго чейин чыгымга учураса иш козгоого уруксат берген прокурор, тергөөчү 2 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгер ири суммада чыгымга учураганы аныкталса тергөөчү менен прокурорду 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат", - деди Жапаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

