Өспүрүмдөр өздөрүнө тийиштүү маселе каралып жатканда Жогорку Кеӊештин жыйынында отурушту



Жогорку Кеңеш өспүрүмдөргө карата сексуалдык зордук-зомбулуктарга каршы жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун бүгүн, 26-октябрда талкуулады. Демилгечилер педофилдерге карата жазаны күчөтүү жолу менен жаш өспүрүмдөргө коргоону айтып жатышат.
"Тилекке каршы, арыз жазып кайрылган жабырлануучулар менен бул ишке барган адамдар сүйлөшүү жолу менен арыздарын кайтарып алып жатышат. Соттор 9-10 жаштагы балдарды өзүнүн каалоосу менен жыныстык катнашка барды деп актап жиберип жатышат. Бул мыйзам кабыл алынса балдарга карата зомбулук көрсөткөндөр сөзсүз жазаланат", - деди демилгечилердин бири Аида Салянова.
Мыйзам долбоору талкууланып жатканда Жогорку Кеңешке экскурсия үчүн келген окуучуларды жалпы жыйындар залына киргизишти. Алар долбоор кантип талкууланганына күбө болушту.
