super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 26-ОКТЯБРЬ: Американын президенттигине аттанып, Трампка утулуп калган саясатчы Хиллари Клинтон 70 жашка толду

 

АКШдагы белгилүү саясатчы айым, мурунку мамлекеттик катчы, АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун жубайы Хиллари Клинтон 70 жашка толду. Ал 1947-жылы 26-октябрда Чикаго шаарында жеке ишкердин үй-бүлөсүндө туулган. Кичинекей кезинде жылдыздарга кызыгып, астронавт болгусу келгени менен кийин саясатка ооп кеткен.

1969-1973-жылдары Йель университетинин юридика факультетинде окуган. Болочок күйөөсү, Арканзастык келбеттүү Билл Клинтон менен студенттик күндөрүнүн биринде таанышып, 1975-жылы үйлөнүшкөн. Алгач шайыр жүргөн Билл менен сүрдүү Хилларинин турмуш курганына баары таң калышкан. Убакыт өтүп ал жолдошун таасирлүү саясатчы, жадакалса президент кыла алган. Экөөнүн Челси аттуу кызы бар.

Өзүнүн күчтүү, эрктүү экендигин күйөөсү жаш кыз менен көңүлдөш болуп кеткени ачыкка чыккандан кийин көрсөткөн. 1998-жылы АКШнын президенти Билл Клинтон Моника Левински аттуу 25 жаштагы кыз менен интимдик байланышта болгондугу ачыкка чыгып кеткенде Хиллари күйөөсүн колдоп, аны кечирген. Хиллари Клинтон 2000-2009-жылдары Нью-Йорк штатынан сенатор, 2009-2013-жылдары АКШнын Мамлекеттик катчысы болгон. 2016-жылы АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер болуп шайлоодо Дональд Трампка жеңилип калган.

Шайлоодон кийин Хиллари Клинтон өзү түзгөн "Алдыга бирге" саясий уюму аркылуу айым саясатчыларга колдоо көрсөтүп келет. Ошондой эле шайлоо алдындагы жарыш тууралуу "Эмне болду?" деген аталыштагы китеп жазып чыгарган.

26-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
26.10.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоң энебиз көп жашасын эми)
26.10.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйын аял экен бирок. Куйоосун хан кыла алган
26.10.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы мынча кунииик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: