Бишкек шаарына 400 жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду





















Бүгүн, 26-октябрда Борбор калаанын Масалиев көчөсүнө жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактардын 400 даана көчөтү отургузулду. "Жашылдандыруу" ишканасынын демилгеси менен өткөн иш-чарага борбордун тургундары катышты.
Аталган мекеменин башкы агроному Элнура Жолдошеванын айтымында кийин бул жер спортчулардын аллеясы болот.
"Бул жерге жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактардын бир нече түрү отургузулду. Иштер 3 этаптан турган долбоор боюнча өтүп жатат. Алгачкы этабы бул жашылдандыруу болсо, кийинки эки этап велосипед жүрүүчү жол жасоо жана тротуар орнотуу этаптары болот. Иш-чарага шаардын тургундары активдүүлүк менен катышууда. Акыркы жылдары шамалдын ылдамдыгы орточо эсепте секундасына 21 метрге жетип жатат. Ошондуктан биз бактар кулап калбасын деп байлап, таякчаларды айлантып койдук. Көчөттөрдүн жарымы жергиликтүү, ал эми калганы чет мамлекеттерден алынып келген", - деди Элнура Жолдошева.
Бишкекте 400 көчөт отургузулду



1 |