super.kg logo

Эреже бузган айдоочулар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

 

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеӊеште жол кырсыктарын азайтууга багытталган мыйзамдын долбоору талкууланды. Депутат Дастан Бекешев сунуштаган документте айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү нормалары сунушталууда.

Мисалы, айдоочу жабырлануучунун ден соолугуна анча оор эмес зыян келтирсе, 3 жылга чейин автоунаа башкаруу укугунан ажыратылып, 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгерде автокырсык жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе 3 жыл айдоочулук укугунан ажыратуу менен 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгер бир нече адам каза болсо 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралат.

Ал эми айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылса, 3 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөөгө тыюу салуу же айыпка жыгуу, же иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 5 жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
26.10.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура чечим,бирок чындык болсо пара менен чечилбес,мас Адам же жаш бала пешеход жок жерден жолго чуркап чыга калгандарга да адилеттуу карагыла мыйзам чыгаргандар,кээде жоо жургунчу да туура эмес басат ошого да мыйзамды карагыла уктунбу (окудунбу) ?
26.10.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бирөөнүн өлүмүнө себепкер болсо мейли туура. Бирок мас абалында унаа айдаса 5 жыл көп эмеспи
26.10.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жол кырсыгы копчулук учурда капысынан болот, жоо жургунчулор себеб да болушат . Ошонун баарын караш керек. Жоо жургунчунун айынан же мас адамдын айынан уйуно барайткан Адам камалбаш керек.
26.10.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озгочо Ош Бишкек трассасына жеке штрафтарды киргизсенер болмок, катуу айдап обгон кылгандарга.
26.10.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Иийи эреже бузган кучтуу кеткенго зордуктоо Жана олтуруу фактылары закон иштебейт,Эми ушуга 5,жыл деп кулкуну келтирет!Мындан башка нерселерге жакшыда Бир тараптуу закондуу каттуу койгула!!!
27.10.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ичип алып айдагандарды беш жыл эмес такыр эле айдоочулук укуктан ажыратып салса да туура болот, кээде жоо жургунчулор да себепкер болот, мастар темтейип чыга калып оз жолу мн кетип бараткан машинага урунуп жон жерден айдоочулар куноолу болуп калат, ошол жагын да карашса жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: