super.kg logo

Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган 40 жаштагы Алмазбек Курманалиевдин өмүр баяны

 

Кечээ, 26-октябрда Алмазбек Курманалиев өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалды. Ал мамлекеттик кызматтарды жетектөөгө келген жаш кадрлардын катарын толуктайт.

Алмазбек Курманалиев 1977-жылы 13-июнда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юриспруденция адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

1999-2005-жылдары ички иштер органдарында иштеген,

2005-2007-жылдары өкмөттүк аппараттын укук тартип жана коргоо бөлүмүндө референт,

2007-жылдын апрель-август айларында өкмөттүк аппараттын укук тартип, коргоо жана коопсуздук, маалыматтык коопсуздук тармагынын башчысы,

2007-2009-жылдары өкмөттүк аппараттын укук коргоо, өзгөчө кырдаалдар жана маалыматтык коопсуздук тармагынын башчысы,

2009-2010-жылдары президенттик аппараттын улуттук коопсуздук боюнча эксперт жана аналитикалык колдоо көрсөтүү тобунда эксперт,

2011-жылдын январь-сентябрь аралыгында өкмөттүк аппараттын коопсуздук, укук коргоо жана коргонуу тармагынын жана аналитикалык колдоо көрсөтүү бөлүмүндө эксперт,

2011-2012-жылдар аралыгында өкмөттүк аппараттын коопсуздук, укук коргоо жана коргонуу тармагынын жана аналитикалык колдоо көрсөтүү бөлүмүндө инспектор,

2012-жылдын январь-октябрь айлары - өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар, күч жана башка органдарынын коопсуздук маселелери боюнча инспектор,

2012-2013-жылдары өкмөттүк аппараттын коргоо, укуктук тартип бөлүмүнүн жана өзгөчө кырдаалдар инспектору,

2013-2017-жылдары Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, инспектор,

"Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чинине ээ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: