Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Казак чек арасында турган айдоочулардын тамактануусуна бир миллион сом бөлдү
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасында турган жүк ташуучулардын тамактануусуна бир миллион сом бөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, акча каражат президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү. "Чек аранын көзөмөл-өткөрүү пункттарында түзүлгөн кырдаалды жана республикада күтүлгөн сууктун түшүшүн эске алып, өлкө башчы унаа транспорту менен эл аралык жүк ташыган жана Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн кезекте турган унаа менен жүк ташуучулардын тамактануусун уюштурууну камсыз кылууга бир миллион сом бөлүү боюнча буйрукка кол койду", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Суйлоп жер берем деп турса жок да
Куйгузосун го ошондой ХХХХ
Президент болсо ошого жок да ар кимдин
Созун суйлоп ошо азыр оз ою бар
Президент бар оюн айтып турган ошон учун
Ушул проблемалар бар бул туура эле корунуш
Ошо кет да сен дагы Оокатынды жыйнап алып
Жол ачык
Атамбаев болсо оозуна алы жетпей суйлоп алды, а Назарбаевдын эмнеси артык анын созуно теригип очун элден алып атат, же чын чычалайт болуп атабы. Андай акылман экен озуно жараша факт менен эле жооп берип койбойбу, сасык саясат баштабай. Оозун тыйбайт дейсинер а казактар бизди кемсинтип ар кайсыны суйлоп эле келатышат го, ошондо деле булардыкын туура дейсинер.Келме кезек дейт Аллах буйурса бизге да жаркыраган кундор келээр.
Атамбаев молодец саясатын колдойм а тиги
ХХХХ кечирим сурайм дегендер аман
Болсун намысы жоктор