super.kg logo

Өзгөн районунда табигый кырсыктан улам көчүп жаткан үй-бүлөлөр 117 турак үйдүн пайдубалын түптөдү

 

Өзгөн районунда табигый кырсыктан улам жабыркагандарга жана кооптуу аймактарда жашагандарга курулуп жаткан үйлөрдүн 117синин пайдубалы түптөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ана-Кызыл участкасына кырсыктан кийин 241 үйдүн курулушу башталган. Учурда 117 үй-бүлө турак үйлөрүнүн пайдубалын бүтүрдү. Ал эми 75 үйдүн дубалы курулуп, 49 үйдүн чатыры жабылган.

"Ана-Кызыл участкасында 26 миллион 430 миң сомго биринчи этап менен 70 метр тереңдиктен ичүүчү таза суу чыгарылып берилген. 34 даана электр мамычасы орнотулуп, 400 киловатт кубаттуулуктагы трансформатор коюлган. Айылда болжолдуу сметалык баасы 56 миллион сомдук 275 орундуу мектептин курулушу башталган. Жол салуу жана шагыл төшөө жумуштарына 2 миллион сом акча каражаты жумшалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, ушул жылдын 29-апрелинде эртең менен Өзгөн районунун Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 7 турак жайды басып калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.10.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп айтып салган эмеспи? 20 дай эле уй салынып жаткан болчу,ар откондо иии дубалы бутуп калыптыр,иии усту жабылып калыптыр,ии шыбак эле калыптыр кышка чейин кирип алышса экен деп отобуз. Кышка чейин аман эсен кирип алышса экен...
27.10.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылымго)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: