super.kg logo

Иса Өмүркулов Кыйноолордун алдын алуу борборун катуу сынга алды

 

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун аткарган жумуштары боюнча маалыматын угууда. Фракция жыйынында аталган борбордун төрагасы Нурдин Сулайманов мекемесинде 26 кызматкер иштеп жатканын, борборго жылына мамлекет 12,5 миллион сом бөлөрүн айтты. Андан соң Нурдин Сулайманов аткарылган жумуштар боюнча маалымат берди.

“ИИМде ачыктык болсун деп бир нече сунуш бергенбиз. Убактылуу кармоочу жайларда аял кызматкерлерди да көбөйтүү керек, анткени жеке текшерүү учурунда аялдардын укуктары бузулат", - деди Сулайманов.

"2016-жылы кыйноого кабылгандардан 137 арыз түшүп, 9 кызмат адамдарына иш козголуп, бир адам жазаланды. Калган материалдар УКМКга жиберилген”, - деп кошумчалады Сулайманов.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул тармак ийгиликсиз, натыйжасыз иштеп жатканын айтты.

“Өлкөдө силердин ишиңерди эч ким билбейт. Сиздерге ишеним жок. Ушул отчёт берип жаткандай иштесеңиз эч ким кайрылбайт эле. Кыйноолорду азайтуу үчүн кайсы мыйзам долбоорлорду сунуштадыңыздар? 2014-жылдан бери бир гана адамдын иши сотко өттү! Адам укугун коргош керек. Конституциялык укук бардык адамдарда бар. Мыйзам иштеп жатат. Сиздердин иштин калыс жүрүшүнө такыр кызыкчылыгыңыздар жок экен”, - деп сынга алды Өмүркулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.10.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура,булар жон кана айлык алып отурат. Кыйноо фактысы толтура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: