super.kg logo
  Саясат  

Орусиялык депутат Кыргыз жарандарына Орусия аймагында улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөсүнө тыюу салууну сунуштады

 

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери, Владимир Жириновскийдин ЛДПР фракциясынан депутат Игорь Лебедев Кыргыз жарандарына Орусия аймагында улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөсүнө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Буга чейин биз "Кыргыз Республикасында орус тили расмий тил катары кабыл алынган" деп улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөсүнө уруксат берип, саясий чечим кабыл алганбыз. Бирок кыргыздар Орусияга каршы көтөрүлүштү улуттук майрам катары бекитишти. Мындай иш достук мамилеге жатпайт. Кыргыздар экзамен тапшырып, орусиялык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алышсын", - деди депутат Лебедев.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрда жыл сайын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Буга чейин 2017-жылдын июль айында Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгүн тааныган мыйзамды колдогон. Президент Владимир Путин бул мыйзамга кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -13 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: