super.kg logo

Эми Казакстандагы шаарлар кандай жазылып калат? Almaty, Astana, Taldyqorg'an, S'ymkent...

 

Кечээ, 26-октябрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак алфавитин латын тамгаларына өткөрүү боюнча буйрукка кол койду. Ага ылайык латын арибине өтүү 2025-жылга чейин толук аякташы керек.

Жарыяланган алфавиттин долборуна ылайык, 23 латын тамгасы колдонулуп, дагы 9 тыбышты бериш үчүн A' G', I', N', O', S', C', U', Y' тамгалары апостроф менен берилген. Муну менен жаңы казак алфавитинде 32 тамга бар десек болот.

Азыркы колдонуп жатышкан казак алфавитинде 42 тамга бар. Алардын арасында 33ү кирилл тамгалары болсо, 9у (Ә, Ғ, Қ, Ң, Ө, Ұ, Ү, Һ, І) казак тилине ылайыктуу тыбыштарды берүүчү атайын тамгалар. Ал эми ё, ф, х, һ, ц, ч, щ, ъ, ь, э тамгалары казак сөздөрүн жазууда дээрлик колдонулбайт. Алардын айрымдары орус сөздөрүн жазууда гана керектелет.

Долбоор боюнча казак алфавити дээрлик 10 тамгага кыскарат. Казакстандагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттары шаарларды жаңы эрежеге ылайык жазып көрүшкөн.

Алсак, Алматы - Almaty, Астана - Astana, Көкшетaу - Ko'ks'etay', Талдықорған - Taldyqorg'an, Шымкент - S'ymkent, Қостанай - Qostanai', Ақтөбе-Aqto'be, Атырау-Atyray', Қарағанды-Qarag'andy.

Айта кетсек, X кылымдан XX кылымга чейин Казакстандын аймагында араб алфавити колдонулуп келген. Ал эми 1929-жылдан тарта латындашкан "Бирдиктүү түрк алфавитине", 1940-жылдан баштап кириллицага өтүшкөн.

Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдөн Азербайжан, Молдова, Түркмөнстан, Өзбекстан кириллицадан баш тартып, латын арибине өтүп кетишкен. Азыркы тапта Орто Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргыз менен Тажикстанда гана кирилл тамгалары колдонулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
27.10.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээрчиме Корея Япондор оздорунун тамгасы менен онугуп атат "Кыргызстан" Крилицада болгону жакшы
27.10.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekeev969798, Бул эрчиме эмес. Корея-Япония латын тамгасына отсо бир созу эле 15-20 тамгадан болуп кетет, латын арибинде жазылып калса!!!
27.10.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне пайдасы бар эми ?
28.10.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekeev969798,Aны сен тушунгончо к
оп бар
27.10.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Кыргызстан дагы латын тамгасына откону жакшы Анткени кириллица ынгай
27.10.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
' ынгайсыздыкты жаратат жудоо корунот экен
27.10.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Биз латын тамгасына отсок турктордун арибин колдонсок ынгайлуу менин оюмча!!!
27.10.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ар кайсыны айта бербегиле, киррилица эле боюнча калганы жакшы.
27.10.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы криллицада эле калган жакшы бирок ушул криллицаны реформалаш керек
27.10.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Буйруса отобуз латын арибине,Орус тилин жок кылып баарын кыргызчалап орускулдарды жок кылыш керек,Латын арибине ертеби кечпи оторбуз Кудай жардам берсе
28.10.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
afina66,айырмасы кайсы? Кириллица менен жазсак орускулдар десеңер, латын менен жазсак англискулдар дегендер чыгат. Араб тамгасына өтсөк динчилдер дегендер чыгат. Лично мага айырмасы жок! Латын арибине өтсөк англисчени бат үйрөнөбүз деген бул жомок! Кириллица менен жазып, окуп жүргөндөр орусчаны кыйратып сүйлөй алабызбы?! Эң негизгиси кызыгуу болушу керек башка тилди үйрөнүүгө!
28.10.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактын азыркы латын ариби жаккан жок.Биздин 1927-1940жылдары колдонгон латын алфавит абдан ынгайлуу екен азыр карасан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: