super.kg logo

Дастан Бекешев СИЗОлорду депутаттар үчүн эле эмес, жарандар үчүн да оңдоо сунушун айтты

 

Бүгүн, 27-октябрда КСДП фракциясы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматын укту. Анда депутат Дастан Бекешев депутаттар жаткан убактылуу кармоочу жайлардын шарты жакшырганын айтып, башка да убактылуу кармоочу жайларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү сунуштады.

“Биз Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун маалыматын карап жатабыз. Бул боюнча чечим кабыл алардан мурун бир сунуш киргизсек. Убактылуу кармоочу жайларды оңдоп-түзөөгө каражат бөлүш керек. Азыр бир окуя эсиме түшүп жатат. V чакырылыштагы бир депутатты УКМКнын абагына алып барганда: “Мен бюджет комитетине ушул СИЗОнун курулушуна каражат бөлүү боюнча сунуш бергенге үлгүрбөй калдым” деп айткан эле. Кийинчерээк депутаттар ал жакка тез-тез түшүп, ал СИЗОнун шарттары жакшырып, тез эле оңдоп-түзөөдөн өттү. Мен убактылуу кармоочу жайлардын шартын жакшыртуу сунушун айткам. Бул ал жакка алып барылган депутаттар үчүн эмес, ошол жакта жаткан жалпы адамдар үчүн. Ал жакка күн сайын ар түрдүү жарандар туш болууда. Ушул сунушту фракция чечимине киргизип койсоңуз”, - деди Бекешев.

Депутаттар Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматын кабыл алып, жалпы жыйынга алып чыгуу боюнча чечимге келишти. Фракция лидери Иса Өмүркулов депутат Дастан Бекешевдин сунушу фракциянын чечимине тиркелерин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: