super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Хиджаб кийбесе деле болот, бирок уяттуу жерлерди жапкан кийимдерди тандаш керек"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар, эмнеге хиджаб кийбейсиңер?" деген темада автор: "Бүгүнкү күндө ислам дини кеңири тарап (албетте, башка диндер да "кеңири" тароодо), хиджаб кийген кыз-келиндер көбөйдү. Көпчүлүк элдер колдошсо, каршы чыгып жаткандар да жок эмес. Силерчи, Суперстандын жашоочулары?" - деп суроо салган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Каршы да эмесмин, колдобойм дагы, ар кимдин өзүнүн стили бар".

"Колдойм, анткени биздин динибиз ислам, биз мусулман болгондон кийин Аллахтын эң негизги болгон 5 мыйзамын аткарышыбыз керек го".

"Мен да колдобойм. Ансыз эле динге ишенип, чын жүрөгүң менен жүрсө болсо керек".

"Хиджаб кийүүгө толугу менен каршымын. Кыргыз кызы эч качан жамынган эмес. Хиджаб кийген соң көп нерсеге мүмкүнчүлүгүң жок болот. Негизи араб өлкөлөрдө алгач хиджабды күндөн коргонуш үчүн гана кийишкен, кийин гана диний мааниге ээ болуп калган".

"Кыргыз кызы эч качан хиджаб кийген эмес деп жазыптырсыз. Кыргыз кыздары эч качан чечинип, жарым жылаңач, киндигин көрсөтүп да жүргөн эмес. Жарым жылаңач болуп жүргөнчө хиджаб кийген эң эле сонун деп ойлойм. Оронгон кыз ыймандуу болуп, Кудайдан коркот, жаман иштерге барбайт".

"Италиянын министрлер кеңешинин төрагасы Жулиано Амато хиджаб кийүүгө тыюу салуу боюнча мыйзамга кол койбой коюптур. Анын "бардык иконаларда Дева Мариянын башында жоолук турса мен кантип хиджабды кийүүгө тыюу салам?" деп айткан сөзү адамды таң калтырбай койбосо керек".

"Исламда аялдарга жабык кийүүнү буюрган. Кара кийбей эле, денесине чапташтырып синтетика кофта кийгендин ордуна, ак, кененирээк болуп, денесин жапкан кийим кийсе ысыбайт. Динде сөзсүз кара, узун хиджаб кийгиле деп айтылган эмес. Кандай болсо да жабык болушу керек. Бирок, менин оюмча, заманга жараша эле хиджаб да эмес, уяттуу жерлерди жаап, заманбап эле кийиниш керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.10.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушундай деп ким айтты? Аллахтын буйруганын туздоп озунчо эреже киргизууго акыбыз жок! Куран Аллахтын созу, аны аткарбасан озунон кор.
27.10.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Каалайсызбы каалабайсызбы бул Аллахтын окуму буткул аял затына негр болсун орус болсун жамынгыла деген !Эки кол билеке чейин бет бут томука чейин корунсо болот башка жерди кен кылып жабыштырбай кийиш керек кийимди
27.10.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Хиджаб кийиш керек! Милдеттүү түрдө.
28.10.2017. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр кыздар уяттуу жерлерин коргозуп кийинсе тан калбай анан ушу хиджаб кийсе жаман корот копчулугу.Кыз-келиндерге жарым жыланач кийинуу оной болуп наоборот жабык кийинуу кыйын болуп жататго.Ар ким озуно жооп берет.Ыйман-нысап берсин баарына.Хиджаб-бул парз.
28.10.2017. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын кыздары эч качан оронуп чүмкөнгөн эмес дегендер каяктан келгендер ?
Тарыхты кыйратсаңар, анда орус кыздары жа жабык узун кийип, башын орогон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: