Бишкек мэри Иса Өмүркулов мыйзамсыз жер сатууга каршы митингге чыккандарды иш бөлмөсүндө сүйлөшүүгө чакырды
Ленин райондук администрациясынын имаратынын алды


Ленин райондук администрациясынын имаратынын алды

Мына ушундай жазуулар менен митингдин катышуучулары акция өткөрүштү

Мына ушундай жазуулар менен митингдин катышуучулары акция өткөрүштү

Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну бала-бакчанын жерине жеке турак-жай курулуп калганына нааразы

Мэр Иса Өмүркуловдун сүрөтү куурчактын башына тагылды

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаевдин сүрөтү илинген куурчак

Митинг учурунда Ленин райондук администрациясынын имараты милиция кызматкерлери менен курчоого алынды

Шаар башчысы митингчилердин дооматын угуп, аларга жооп берип жаткан кези
Бишкекте жер тилкелердин мыйзамсыз сатылышына каршы өтүп жаткан митингдин катышуучулары бүгүн, 30-майда саат 15:00дө шаар башчысы Иса Өмүркуловдун иш бөлмөсүндө сүйлөшмөй болушту. Митинг өтүп жаткан жерге келген Иса Өмүркулов алардын нааразычылыктарын угуп, маселелерин чечүү үчүн шашпай сүйлөшүүгө чакырды. Белгилүү болгондой, шаар башчысы менен жолугушканы Ак-Өргөө, Арча-Бешик конуштарынын, 7-8-9-кичи райондордун бир катар тургундары барышмакчы. Айта кетсек, бүгүн Ленин райондук администрациясынын алдында ондогон адамдардын катышуусу менен тынчтык митинги өттү. Аны жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков уюштурду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

