super.kg logo

"Comedy баттл" долбооруна бара турган Назгүл: "Мектептеги маданий иш-чараларга эле катышканым болбосо, эл алдына чыккан эмесмин"

 

Орусиянын ТНТ телеканалы көрсөткөн "Comedy баттл" долбооруна Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Stund up" өнөрүн аркалаганына жарым жылдай гана болуп калган Назгүл Алымкулова катышат. Бул тууралуу "Stand Up comedi Bishkek`тин резиденти Назгүл SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, "Comedy баттл" долбооруна тандоо сынагы мурун Москва шаарында гана жүргүзүлсө, бул ирет Орто Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн Бишкекте чогулткан. Май айында болгон кароо-сынактан Кыргыз өлкөсүнөн 4 юморист өткөн, эми алар Москва шаарында өз өнөрлөрүн тартуулашат.

"Мен бул чөйрөгө аралашканыма аз гана убакыт болду. "Comedy баттл" Бишкекте кароо-сынак өткөрүп жаткандыгын угуп өзүм эле баргам. Ийгилик жылмайып экинчи турдан өтүп кеткем. Мектепте ар кандай маданий иш-чараларга катышып жүргөнүм эле болбосо, эл алдына көп чыккан эмесмин", - деп билдирди Назгүл Алымкулова.

Ошондой эле бул долбоорго катышуу чоң тажрыйба болорун белгилеп, азыркы тапта тамашаларды жазып, даярданып жаткандыгын айтты.

"Ал сынакта бул чөйрөдө 10 жылдан бери жүргөн чеберлер катышат, сынак үч турдан турат. Мыктылардын катарына кирем деп үмүттөнүп жатам, эң негизги тилегим мыкты тамашалар менен татыктуу оюн көрсөтүү",- деп кошумчалады ал.

"Comedy баттл" 17-ноябрдан 27-ноябрга чейин Москва шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
27.10.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгилик!
28.10.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутобуз ийгилик!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: