super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Өлкөнүн эгемендүүлүгүн маанисиз деп билгендер, өзүңөргө ыңгайлуу жерди издештире бергиле"

 

Бүгүн, 27-октябрда президент Алмазбек Атамбаев чет өлкөлүк 12 элчинин ишеним грамоталарын кабыл алды. Иш-чарада президент өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн баалуулугу, чек ара маселеси, Евразия экономикалык биримдиги тууралуу сүйлөдү.

Өз сөзүндө Атамбаев өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргоо керектигин айтты.

"Биз көз карандысыз Кыргыз мамлекетибиз. Бүгүнкү күндө да көз карандысыздык үчүн күрөшүп жаткан элдер бар. Өз өлкөсүнүн эгемендүүлүгү үчүн жүздөгөн, миңдеген адамдар курман болуп жатышат. Акыркы мезгилде орун алган окуялар бизге кимдин ким экенин, ким Кыргыз мамлекети үчүн күйөрүн, ким өлкөнүн патриоту экенин көрсөттү. Ошондой эле ким үчүн өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн мааниси жок экендигин, эгемендүүлүктү да, өлкөнүн өзүн да, элин да, баарын 30 тыйын үчүн сатып жиберчүлөр бар экенин билдик", - деди Атамбаев.

Ошондой эле мамлекет башчысы Манастын урпактары өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн өмүрүн берүүгө даяр экендигин кошумчалады.

"Кимге мамлекеттин көз карандысыздыгы мааниге ээ эмес болсо, өздөрүнө ыңгайлуу жерди таап барып жашасын деп кеңеш берем. Акча алган, саясий колдоо алган жерине барып жашасын. Кыргыз-Казак мамлекеттеринин ортосунда жарандык алуу боюнча жеңилдиктер бар. Биз силер менен оңой эле коштошобуз, а алар силерди тосуп алат. Аларда жер кенен", - дейт мамлекет башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: