Баткен шаарынын жаш таланттары 1-июнь күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрамдык маанай тартуулашат
1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Баткен шаарынын жаш таланттары шаардагы “Нур”
балдар үйүнүн тарбиялануучуларына оюн-зоок, концерттик кече тартуулашат. Аталган балдар үйүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 23 бала тарбияланат. Майрамдык кечеде “Арууке” бийчилер тобунун өнөрлөрү жана “Ачка балдар” КВН командасынын тамашалары балдарга белек катары сунулат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чара Баткен шаарында алгачкы жолу болуп жатат, концерттин аягында балдарга белектер да таратылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

