super.kg logo

Өзбекстан эмне себептен 24 жылдан бери латын арибине толук өтө албай келет?

 

1993-жылдын 2-сентябрында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов "Өзбек алфавитин латын графикасына өткөрүү боюнча" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык алфавиттин курамына A a, B b, C c, D d, E e, F f, G g, H h, I i, J j, K k, L l, M m, N n, O o, P p, Q q, R r, S s, T t, U u, V v, X x, Y y, Z z, Ç ç, Ğ ğ, Ɉ ɉ, Ñ ñ, Ö ö, Ş ş, ʼ тамгалары кирген.

Бирок 1995-жылдын май айында жогорудагы алфавитке өзгөртүүлөр кирип Ç ç, Ş ş, Ğ ğ, Ö ö, Ñ ñ, Ɉ ɉ тамгалары Ch ch, Sh sh, Gʻ gʻ, Oʻ oʻ, Ng ng, J j тамгаларына өзгөртүлгөн.

Бул жаңы алфавит кириллицанын жөнөкөй транслитерациясы болгон. Бирок орфографиялык маселелерди чече алган эмес.

Алгач жаңы алфавитке 2000-жылга чейин толук өтүп бүтүү пландалган. Кийин 2005, 2010, 2015-жылдарга жылып, латын арибине толук өтүүгө дагы убакыт керек экени сезилген. Латын арибине билим берүү тармагы жана кээ бир иш кагаздарын жүргүзүү гана өткөн. Ал эми Өзбекстандагы көпчүлүк гезит, журналдар, китептер дале кирилл тамгалары менен басылып чыгат. Ошондой эле телеканалдар менен интернетте кирилл жана латын тамгалары бирдей колдонулганын да көрүүгө болот.

Адистер Өзбекстан 24 жылдан бери латын арибине толук өтө албай жатышына калктын негизги бөлүгүнүн совет учурунда билим алганы менен түшүндүрүшөт. Ошондой эле мамлекеттик, нормативдик-укуктук документтер, иш кагаздары, илимий эмгектер кирилл тамгалары менен жазылып, чыгарылат. Бул дагы латын арибине өтүүдөгү тоскоолдуктардан экенин айтышат.

Айта кетсек, кечээ, 26-октябрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак алфавитин латын тамгаларына өткөрүү боюнча буйрукка кол койгон. Ага ылайык латын арибине өтүү 2025-жылга чейин толук аякташы керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
27.10.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
КРдагы бир кун отот баары бир!!! Себеби Кыргыз арибинде коптогон каталар бар. Мисалы "К" тамгасын 2 тамгада колдонулат!!!
27.10.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Valley.of.the.Wolves,жөн эле жүргүлөчү, андан башка иштерди бүтүрөлү
27.10.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Valley.of.the.Wolves,ага отуп не кылабыз?сен даны д окшойсун
27.10.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
К м.н Г эки тамгада колдонулат, азырынча ушул эки тамганы ажыратып өздөштүрүшүбүз керек кийин латын
28.10.2017. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жакшы тушунбойт экенмин.Ушул латын ариби, кирилл арибинен эмнеси менен айырмаланат? Айырмысы жана озгочулугу эмнеде? Эртен Кырыгызстан, биз деле отобуз деп чыкпайбы? Ким айта алат, бирок негиз менен.
28.10.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орустун берилген кулдары болуп Кыргызсьан Тажикстан эле калыптыр, калган 13 мамлекет Орустарга коз каранжысыз спясат бар экенин эчак эле корсотушуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: