super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Тоюбуз жакындаганда күйөөгө тийгим келбей калган, ал тургай качып кетүүнү пландагам"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүү той алдындагы стресс" деген темада автор: "Той белгиленген же белгиленбесе да той жакын, баары ойдогудай. Сүйлөшүп жүргөн, көңүлүңдөгү адамың жаныңда. Ошол мезгилде ойлонуу, стресс, толкундоо, адашкан жокмунбу, ушул менин өмүрлүк жолдошумбу, шашкан жокмунбу, иши кылса ушул сыяктуу ойлор болду беле? Же орустар айтмакчы "той алдындагы стресс". Өзүнчө эле арсар болдуңуздар беле?" - деп суроо салган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Той алдында менде да болгон. Болбосо 5 жылдан ашык сүйлөшүп, тойду чыдамсыздык менен күткөнбүз. Арсар деле болгон эмесмин, болгону тийгим келбей калган. Жадакалса качып кетүүнү пландагам. Тойдон кийин дагы уланган "эмнеге тийдим, тийбей эле жүрсөм болмок" деп көп ыйлачумун. Кичине бир нерсе болсо "жашабайм" деп ыйлай берип 2 айдан ашканда анан көнө баштадым. Бул кээ биринде болот, кээ биринде болбойт, бирок нормалдуу эле көрүнүш".

"Мындай синдромдор кайсы жерде болбосун жөн койбойт го. А мен атам "жүр, чай ичебиз" десе деле эми мени эч ким минтип чакырбайт деп деле ыйлай бергем. Ошентип үч күн ыйлап жата бердим, акыры тойго эки күн калганда "бир аз тойдун атмосферасынан чыгып, ойноп-күлүп алаксып, көйнөгүңдү кийип той күнү кел" деп досторума кошуп кетирип жиберишкен".

"Элдерде тойго чейинки стресс болсо, менде тойдон кийинки стресс болгон".

"Ар бир кызда болсо керек. Мен да "туура эле кылып жатамбы? Жашап кете аламбы же мындан да жакшысы чыгабы?" деп ойлоно берчүмүн. Ойлоно берип арыктап да кеткем. "Кандай болот, эмне болот, кайын журтум кандай" деп кыжаалат болуп жатасың да. Мунун баары өтүп кетет. Эң негизгиси бактылуу болгула".

"Мен тойго чейин арыктап кеткем. Ойлоно берип тамак да өтпөй калган. Туура кылып жатамбы? Ошол адам менен жашап кете аламбы деген ойлор болот. Сүйлөшүп жүрүп баш кошсоң деле ар бир кызда болуучу нерсе".

"Мен урушкум келип, ыйлагым келип, жинди болуп жатам. Мурун турмушка чыксам укмуш келин болом, тигинтем, минтем дечүмүн, азыр жүдөмүш болгонум элестелет, тобо. Атымды катуураак айтса да таарынып, байкушту кыйнап жатам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
29.10.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Галдир экенсин.
29.10.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aliko78,оа чындвп дупая))) элдер тийе албай журушот го куйоого,кайып жашоону корбой
29.10.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aliko78,акыркы замандын кыздары
29.10.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кысатурган жерди кысып тийе бергиле 5 жыл суйлошсонда бактылу болгула
30.10.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен азыр 21 жаштамын суйлошкон балдарым уйлонобуз десе эле качып кетем. Мурда 18 жашымда куйоого тийем дечуу элем, азыр кайдан дагы деле жаш кыздаймын. Атам мени аябай эркелетет чоноюп калсам деле. Кийин куоого тийсем эркелетпей калат деп короко берем.
30.10.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба той алдындагы стресс эркек балдарда да болот мисалы менде болгон туура кылып жатамбы?бактылуу кыла аламбы кароче кандай болот деп дункко тушуп калгам,негизи той алдында уй булоо мучолору кичине болсо да ойлонушуп кыжаалат болот бирок тойдон кийин баары жакшы болуп кетет же.....
30.10.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жээним москвага качып кеткен. Бироолор кудалашып келген. Жигитим бар деп. Анан ацткандай эле жигитине тийди. Абдан жакшы бала. Бактылуу жашап жатышат.
30.10.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде мындай нерсени ойлогуча эле ала качып кеткен.ноябрда той мн алып кетем деп алып,сентябрда эле ала качып кетип калган.бактылуумун)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: