super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өкмөтү чек арада зыянга учураган айдоочуларга жардам көрсөтөт

 

Кыргыз өкмөтү Кыргыз-Казак чек арасында чыгымга учураган жарандарга жардам колун сунат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда маалымат жыйынында экономика министри Артём Новиков билдирди.

Ал жүк ташуучулардан министрликке кайрылуу түшкөнүн айтты. “10-октябрдан бери чек арада товар жүгүртүүдө тоскоолдуктар болуп жатат. Тилекке каршы, бул маселе бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Биз кечээ эле чек ара бекеттеринин биринде текшерүү жүргүзүп келдик. Ал жерде кезекте турган 500 унаа боюнча анкета толтурганбыз. 300дөн ашуун айдоочулар анкета толтуруп маалымат алууга мүмкүнчүлүк беришти”, - деди министр.

Учурда ишкерлер чыгымдарын эсептеп жатат. Алар чыгымдар боюнча бардык маалыматтарды бериши керек. Зыян тарткандарга жардам берүүнүн механизмдери сунушталат. Өкмөт жараксыз болгон товарлардын ордун толтуруу үчүн ишкерлерге насыялык түрдө болсо да колдоо көрсөтөт”, - деди Новиков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: