КРнын Германиядагы элчиси "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборунун тарбиячылары менен жолугушту
29-майда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев Берлин шаарында Бишкектеги “Үмүт-Надежда” балдардын реабилитациялык борборунун тарбиячылары менен жолугушту. Айта кетсек, аталган борбордун тарбиячылары окуучулары менен бирге “Германиянын супер таланттары” фестивалынын тандоо туруна катышты. Аталган иш-чара 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Жолугушууда Кыргызстандын Германиядагы элчиси фестивалдын катышуучулары менен кеңири пикир алышып, аларга ийгиликтерди каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

