super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-ОКТЯБРЬ: "Үй-бүлөм ак роза гүлдөрүн берип куттуктап, маанайымды көтөрдү" дейт 51 жашка толгон ырчы Кутман Жолдошев

 

Бүгүн, 28-октябрда өзгөчө коңур жана бийик үнгө ээ, фольклордук чыгармаларды да эстрада жанрындагы ырларды да катыра аткарган ырчы Кутман Жолдошев 51 жашка толду. Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Кутман Жолдошев менен байланышып, өздүк майрамы менен куттуктаганыбызда ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү сезимдери менен бөлүштү.

"Алгачкылардан болуп балдарым, келинчегим куттукташты. Эртең менен турсам эле ак түстөгү роза гүлдөрдү алып келип куттукташып, жагымдуу маанай тартуулашты. Азыр дос, тууган, кесиптештер чалып жатышат. Бул адамды кубандыра турган көрүнүш. Бүгүн үйдө жакындарымдын жанында болом, үйгө өкүл балдарыбыз, кыздарыбыз келе турган болушкан", - дейт ал.

2 жылдан кийин Кутман Жолдошевдин чыгармачылыкта жүргөнүнө 30 жыл толот. Бул жылы ошол мааракеге карата даярдыктар баштала тургандыгын кошумчалады.

"Өткөн жылы отчёттук концертим өттү, филармонияда иштеген ырчылар жеке чыгармачылыкка көп убакыт бөлө албай калат, бирок сахнадагы 30 жылдыкка карата, буюрса, ири концерт даярдайм", - деди Жолдошев.

Ал Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1984-жылы айылындагы орто мектебин бүтүрүп, 1985-1987-жылдары Советтик аскерлердин катарында кызмат өтөгөн.

Болочок ырчы алгач сүрөтчү болууну эңсеп, Оштогу Гапар Айтиев атындагы сүрөт мектебин бүтүргөн. 1989-жылы Өзгөндөгү маданият үйүнө ишке орношуп, ал жерде үч жыл иштеген. Ал жактан комуз черткенди, аккордеон тартканды үйрөнгөн. Жакшы иштегендигинен маданият үйүнүн жамааты Жалал-Абаддагы Б.Алыкулов атындагы маданият техникумунда окууга жолдомо беришип, аны 1994-жылы техникумду бүтүргөн. Андан соң облустагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда оркестрдин ырчысы болуп иштеп калган. 1996-жылы обончу Арзыбек Бедияров менен таанышып, обончунун ырларын аткарып калган. Алардын бирге иштешүүсүнөн “Кутмандуу жерим”, “Ушундай беле бешене”, “Көргөндө адатым бар күлүп коймой”, “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” аттуу обондор жаралып, угармандарга тартууланган.
Кутман Жолдошевдин репертуарында Р.Абдыкадыровдун "Алмашым", "Сагынуу", К.Досманбетованын "Унутпадым", А.Корозбаевдин "Коштошууга кыйын, ай", Э.Калымовдун "Мекенге таазим" деген жана башка ырлары бар.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
28-октябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.10.2017. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кунунуз менен!!!
29.10.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчыда ун десе ун бар 30 жылдык эмгеги бар наамды ушуларга берсе болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: