super.kg logo
  Спорт  

Панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз мушкерлери медалдарга ээ болушту

 
Алымбек Темиров - панкратион боюнча Дүйнө чемпиону
Арсений Азамат уулу - коло медалдын ээси
Баяман Маматалиев- коло медалдын ээси

Панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз мушкерлери бир алтын жана эки коло медалга татышты. Бул тууралуу команданын мүчөсү Улан Кошматов SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган 3 мушкер байгелүү жеңишке жетишип медаль тагынышты.

Алардын ичинен Алымбек Темиров 75 килограммдан жогорку салмак ченинде Дүйнө чемпиону аталып алтын медалга татыса, Арсений Азамат уулу жана Баяман Маматалиев 66 килограмм салмак ченинде коло медаль жеңип алышкан.

Орусиянын Сочи шаарында жаштар, улуулар жана ардагерлер арасында өтүп жаткан панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугу 25-октябрда башталган. Бул дүйнөлүк масштабдагы спорттук иш-чарага 22 мамлекеттен келген 300дөн ашуун спортчу катышып жатат, анын ичинен Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган 19 спортчу дагы бар.

Панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугу эртең, 29-октябрда жыйынтыкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.10.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: