ЖЫЛНААМА, 28-ОКТЯБРЬ: Президентке тиешелүү бардык артыкчылыктардан баш тарткан Ирандын 6-президенти Махмуд Ахмадинежад бүгүн 61 жашка толду (кызыктуу фактылар)





Дүйнө жүзүнө өзүнүн жөнөкөйлүгү менен таанымал болгон азыркы учурда өзүнүн билимин жаштарга үйрөтүп, мугалимдик кесипти аркалап жаткан Иран өлкөсүнүн 6-президенти Махмуд Ахмадинежад 1956-жылы 28-октябрда карапайым устанын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
1976-жылы Иран өлкөсүндөгү белгилүү Илим жана технология университетин аяктаган. Студент кезинде эле өз көз карашын ачык айткандыгы, максатына жете билгендиги менен курдаштарынан айырмаланып турган. 1980-жылы Ахмадинежад өз каалоосу менен Иран-Ирак согушуна барган. Согуштан келип, аскер кызматынан кеткен соң ал өзүнүн саясий карьерасын баштаган.
2003-жылы Тегеран шаарынын мэри болуп дайындалган. Шаар башчысы болуп турган мезгилде көптөгөн фаст-фуд сатуучу тез тамактануучу жайларды жапкан. Алардын ордун ирандык компаниялар ээлеген. Мамлекеттик ишканаларда иштеген эркек адамдарга жеңи узун көйнөк кийип жүрүүнү буйруп, сакалдарын алууга тыюу салган.
2005-жылдын июнь айында президенттик шайлоодо жеңишке жетип, мамлекет башчысы болот. 2009-жылдын 28-январында Ахмадинежад кайрадан экинчи жолу президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтөрүн билдирген. Ошентип ал экинчи ирет өлкө башчысы болуп шайланган. 2013-жылы мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу президенттик кызматтан кетип мугалимдик кесибин уланткан.
Махмуд Ахмадинежад тууралуу кызыктуу фактылар:
- Эң алгач президент болуп шайланып өзүнүн иш бөлмөсүнө киргенде жерде салынып турган кымбат баадагы килемдерди мечитке бердирип, алардын ордуна арзан баадагы килемдерди алдырган.
- Өзүнүн мүлкү жөнүндө декларация толтурган мезгилде анын Пежо үлгүсүндөгү автоунаасы жана Тегерандын эң кедей аймагында атасынан калган үйү гана бар экени белгилүү болгон.
- Дайыма өзү жашаган аймактагы көчө тазалап иштеген адамдарга таштанды тазалашып, көчө шыпырышып жардам берет.
- Мейманканага жайгашкан мезгилде ага кичинекей бөлмө берүүсүн суранат, дайыма жука бир төшөк салып жерге жатары белгилүү.
- Президенттик айлыктан баш тарткан, ал муну байлык акча элге гана таандык болуусу керектиги менен түшүндүргөн.
- Университеттен алган 250 доллар маянасына күн кечирет.
28-октябрга карата жылнаама.









1 |