super.kg logo

Бишкектеги “Сейтек” борборунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык концерт болду

 
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов балдарды эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады
Концертке 650 бала катышты
Кичинекей бийчилер

Бүгүн, 30-майда Бишкектеги "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр борборунда 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык концерт болуп өттү. Иш-чарага катышкан Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов куттуктоо сөзүн сүйлөп, балдарга чың ден соолук, ачык маанай, көңүлдүү эс алууну каалады. “Бишкек мэриясы тарабынан жайкы эс алуу мезгилинде маданий, спорттук иш-чаралар уюштурулууда. Шаардагы театр, музей, бассейндер силерди күтүп алышат. Ата-энелер, чоң ата, чоң энелериңер менен бирге келип эс алсаңар болот. 1-сентябрда жаңы күч менен мектепке келесиңер”,- деди Өмүркулов. Аталган иш-чарага шаардын атайын билим берүү мекемелеринен, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык колдоого муктаж, Ооган согушунун катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнөн 650 бала катышты. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө балдарга окуу куралдары, балмуздак жана таттуу белектер тапшырылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: