super.kg logo

ӨКМ: "Сузакта дамбага жакын жерден шагыл алган ишкерлер эскертүүгө карабай жатат"

 

Сузак районуна караштуу Благавещенко участкасындагы №4-дамбага жакын жерден шагыл алып жаткандар эскертүүгө карабай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дамбага жакын жерден шагыл алгандарга эскертүү берилген. Бирок ишкерлер ишмердүүлүгүн токтотпой жатышат.

уга чейин шагыл албоо тапшырмасы берилген. Дарыянын туурасы 50-55 метрди түзөт. Бул жерден шагыл алууга мүмкүн эмес. Буга чейин дамбанын 500 метр аралыгы баш аламандык менен казуунун кесепетинен жабыркаган.

Казып алуулар токтобосо жаз-жай айларындагы суу көбөйгөн мезгилде дамба суунун агымын көтөрө албай калуу коркунучу бар. Анда төмөн жакта жайгашкан Сузак айыл өкмөтүнүн элине өтө чоң кооптуу жагдай жаралат. Андыктан тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик эл менен бирге алдын алуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүүсү керек", - деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.10.2017. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эскертүүсүз милицияга бергиле да. Чын эле кооптондуруу жаратса, анда камалсын.
29.10.2017. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде бироолордун кызыкчылыгы эле болуп жатат.ар нерсеге шылтоо кылып. XXXX баардыгын монополия лаштырып жатышатэлге стройкага Шагыл керек.кайдан алмак.казып эле алып жатышат.бирок баасы 3 эсе кымбат.Айла жок Эл алыпжатат.жакында дем алган абага да акча толойт окшойбуз"за воздух"деп.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-29 14:03:01
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: