super.kg logo

"Тамашоу" Лигасынын 10-сезонун ачылышынын "Эң мыкты командасы" деп "Универсал" командасы табылды

 
"Тамашоу" долбоорунун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев жана калыстар тобунун мүчөлөрү
Оюнга даярдык кызуу жүрүп жатат
Рысбек Жабиров командаларга суроо узатууда
"Ким тапан" сынагында Эмил Эсеналиев жооп берүүдө
Сахнада "Ала-Тоо" командасы
"Stud life" командасынын облустар тууралуу тамашасы көпчүлүктү күлкүгө бөлөдү
Оюндун жүрүшүндө Самат интернет аркылуу түз эфирге чыкканга да жетишти
"Эң мыкты команда" деп табылган "Универсал" командасы
"Ак-Өргө сити" менен "KG 77"
Футболчу Азамат Байматов оюн тууралуу өз оюн билдирүүдө
"Эң мыкты оюнчу" наамына татыган Эмил Эсеналиев
"Эң мыкты тамаша" наамына ээ болгон "Позитифф" командасы

Бүгүн, 29-октябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында "Тамашоу" Лигасынын 10-сезонунун ачылышы өтөт.

Ага "Ошингтон", "Ала-Тоо", "Жаштар", "Универсал", "Ак-Өргө сити" менен "KG 77", "Stud life", "Позитифф" командалары катышат.

Ар бир команда кызуу даярдыктар менен келгенин билдиришүүдө.

19:19 Оюн башталды. Алып баруучу Эрмек Нурбаев командаларды сахнага чакырууда, сахнага биринчи болуп "Ошингтон" командасы чыкты, андан соң башка командалар эл алдына чыгышты.

19:26 Алып баруучу калыстар тобунун мүчөлөрү менен тааныштырууда, алар "Компьютер-Пресс" ЖЧКсынын президенти Шаиста Шатманова, ырчы Гүлнур Сатылганова, алып баруучу Нурзат Токтосунова, режиссёр Рысбек Жабиров, стилист Замира Молдошева, жеке ишкер Имамидин Ташов жана спортчу Азамат Байматов.

19:32 Оюн башталарда сахнага орус тилдүү КВН Лигасынын жетекчиси Евгений Акопян чыгып командаларга ийгилик каалады. Ошону менен бирге "Тамашоу" лигасынын 10 жылдыгы менен куттуктап өттү.

19:37 Эрмек Нурбаев катышуучуларга ийгилик, ал эми көрүүчүлөргө жакшы маанай каалап өттү.

19:39 Алгач сынактан тышкары калыстар тарабынан берилген суроолорго командалар өзүлөрүнүн күлкүлүү жоопторун кайтарышты.

Рысбек Жабировдон суроо: "Эмне үчүн акылдуу деген аялзаты кашын кырып салып, карандаш менен чийип алат?"

"Ала-Тоо" командасы: "Күйөөсү акылсыз да".

"Ак-Өргө сити" менен "KG 77": "Эмне үчүн эркек ага ошол нерсеге акча берет дейм да", "Ушунун баарын Замира Молдошева баштаган да".

"Ошингтон": Роза Отунбаеванын үнүн туурап "Биздин кашыбыз бир жериңерди сайып атабы?"

19:50 Нурзат Токтосуновадан суроо: "Ким маданият министри болот?"

"Ошингтон": "Чык, эшикке!"

Эмил Эсеналиев: "Мени "точно" кылышпайт го даң-даң".

20:06 Азамат Байматов: "Мени күйөрмандар белгилүү футболчулар Рамоско, Роналдуго окшоштурат. Силер эмне дейсиңер?"

"Жаштар" курамасы: "Элдер айта берет да, сиз аларга такыр ишенбеңиз".

Мындан сырткары да өлкөнүн саясий абалына байланыштуу суроолор узатылып, оюнчулар аларга мыкты жоопторун беришти.

20:16 "Саламдашуу" сынагы менен сахнада "Ошингтон" курама командасы чыкты.

20:25 "Ала-Тоо" командасы "Саламдашуу" сынагынын алкагында өзүнүн тамашаларын тартуулоодо. Алгач эле команданын мүчөсү, орус улутундагы кыз кыргыз тилинде так сүйлөп күйөрмандарды кубантты. "Тамашоуну" куттуктап алыскы "Америкадан Дональд Трамп да келип" өзүнүн тамашалуу "Без патента" ырын тартуулап батасын берип кетти.

20:36 "Stud life" командасы бийдин коштоосунда сахнага чыгып өзүнүн "Мотоциклдин түтүнүнө талгак болгон келин" деген миниатюрасы менен элди күлкүгө бөлөштү.

20:47 "Позитифф" курама командасы өзүнүн тамашаларын тартуулоодо.

"Позитифф": "Илгери келин алганда кулдук айтып кантип барышкан?

- Кулдугубуз бар, кулдугубуз бар, кулдугубуз бар.

Азыркы учурда:

-Кулдугубуз бар, үйүбүз бар, "машинебиз бар, "кредитибиз" жок, жок".

21:10 "Универсал" командасы өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал жана Кыргыз-Казак чек арасы тууралуу өзүнүн мыкты тамашаларын тартуулап көрүүчүлөрдүн кол чабууларына арзыды.

21:27 "Тамашоунун" ардагерлери аталган "Ак-Өргө сити" менен "KG 77" командалары оригиналдуу тамашалары менен көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты.

21:43 Калыстар тобу оюндун жыйынтыгын чыгарышууда.

21:57 Калыстар тобунун чечими менен оюндун эң мыктылары аныкталды.

Бул оюндун "Эң мыкты командасы" деп "Универсал" командасы аталса "Мыкты оюнчу" наамына Эмил Эсеналиев татыды. Ошондой эле "Позитифф" командасынын тамашасы "Эң мыкты тамаша" деп табылды.

Мындан сырткары демөөрчүлөр тарабынан командаларга белектер тапшырылып, калыстар тобу "Stud life" командасына акчалай сыйлык берди.

22:05 Оюн аяктады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(25)
29.10.2017. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматту админ тамашоунун 9-сезонунун чемпиондору Ким болгон же финал болгон эмеспи болгон эмеспи
29.10.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jyluusuu1991, Aссарти чемпион болгон
29.10.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Онлайн дегенинер корсотосунорбу?
29.10.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
elchi84, саламатсызбы! Оюндун жүрүшү тууралуу онлайн кабар жазылып турат.
29.10.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Админ?
29.10.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ArgenMer чон рахмат
29.10.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
апеей сахнанын жасалгасы кантет ?
30.10.2017. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beks.Kasymov, эптеп септеп дегендей. Арзан жана сапаттуу.
29.10.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш бироонун маанайы жокго баарына бирден минус басып чыгыптыр
29.10.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тамашоу дегенди нурзат, Замира,Гулнур Азамат дегендер сатып алганбы дагы бир Урмат Неля экоо жокко
Калыстарды эмнеге башка койбойт
29.10.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мыктысын Эрмек Нурбаев!айылдан нанды нана деп келген жигиттерди колдоп бутуна тургузуп келе жатасын!сен суктана турган кыргыздын азаматысын!ушундай темпте дагы да алдыга карай кадам жасай бер!эн негизгиси бийик болсон ийик бол!азамтсын
29.10.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9 сезондун финалын кайдан коро алабыз?
30.10.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Busurman,радиодон)) интернеттен да [moderated]га кирсен чыгат ассорти чемпион деп
29.10.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кулбойм ушулардын тамашасына
29.10.2017. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эрмек байке зынк.Патриот байкебиз сизден улгу алабыз.Алга Кыргызстан!
29.10.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Универсалдын" тамашаларын канча көсөм да тажабайм.Эрмек байкеге рахмат!
Medinaa түзөттү 2017-10-29 23:05:50
29.10.2017. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
бекерчилердин жумушу....
30.10.2017. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рамос менен Роналдуга окшоштурушат ддегенинди тим эле койбопсун Азамат...
30.10.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
isla,кечиресиз +.
30.10.2017. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик универсал
30.10.2017. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат эмне деп жатат учурдан пайдаланып, сен алар тепкен топту кармай элексин!!!
30.10.2017. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат өзүнөн кетти гоо. Где Роналдо где ты?! Такой ХХХХ! Аялын жамандап интервью бергенден кийин эч жакпайт жердешим болсо да!!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-30 10:11:45
30.10.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aima94,азамат азамат да ееее юго востокто сосед эле да ошондо эле коргом адамдык пейилин ар кимге тенелип 30га сыкса деле
30.10.2017. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Универсал командасы куттуктайм мага жагат канча корсомда куло беребиз кызым экообуз
30.10.2017. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рысбек Жабиров менен Эмил просто бесит! Корбойм десем да чыга берет ар жерден!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: