super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-ОКТЯБРЬ: Жыйырмадан жаңы ашкан курагында "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти" наамын алган Даркүл Күйүкова төрөлгөн

 
"Аталар өрөөнү" көркөм тасмасында
"Саманчынын жолунда" Толгонайдын образын жараткан
Сахнага 60 жыл чыгармачылык өмүрүн берген актриса Даркүл Күйүкова 1919-жылдын 29-октябрында Төкөлдөш кыштагында жарык дүйнөгө келген. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери, Ардак грамоталар, дипломдор, медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.
Күйүкованын 7 класстык гана билими болгону айтылып жүрөт. Бирок табиятынан акылдуу, таланттуу, мээнеткеч, сергек актриса Даркүл Күйүкова жүздөн ашык ролдордо ойногон.
Актрисалык ишмердиги 1936-жылы Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрында башталган. Ал драмалык театрда иштеп турганда көп негизги ролдорду аткарган. Анын жараткан образдары өзүнүн таасын табылган кайталангыс мүнөздөрү, курч сатиралык багыты менен айырмаланган. Өзгөчө татаал мүнөздөгү, эрки күчтүү каармандар анын чыгармачылыгында басымдуу орунду ээлеген. Ал Толгонайдын оптимисттик пландагы эң күчтүү жана таасирлүү образын салмактуу көрсөткөн. Жаңыл Мырза, Чыйырды, Айганыш, Васса Железнова, Алмагүл, Леди Милфорд, Уулбала, Анна Андреевна, Курманжан датка, Гонерилья жана башка ролдорду ийинине жеткире аткарган.
Ушундан кийин Бакен Кыдыкеева экөөнө "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам берилген. Ал кезде экөөнүн тең жыйырмадан жаңыдан өткөн кездери болгон.
Күйөөсү Ысмайылбек Абдубачаев экөө биргеликте 6 баланы тарбиялап өстүргөн. Кыргыз улуттук театр искусствосунун улуу ишмери 78 жаш курагында, 1997-жылы 20-мартта узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн өткөн.
29-октярбрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
29.10.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Голливуд жылдыздарды тим эле укмуш жазасыңар го. Ошол кинолордон үзүндү сүрөттөрүн калтырсаңар болмок. Үй бүлөлүк,балдарынын сүрөттөрүн жүктөсөңөр болмок. Сахнада 60 жыл иштегенин 60 сөз мн жазып койбой.!!
30.10.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asi.gulum, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алынды.
30.10.2017. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы област,кайсы райондо туулган ошону жазбайсыңарбы
30.10.2017. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunbaev78,жазылып туратко Токолдош деп.Бишкек шаарындагы Мадина базарынын ойдо жагы.Алма-Атинский,Лев Толстой кочолору жак болуп калат
30.10.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunbaev78,илгери Токолдош айыл болгон. Пишпектин четиндеги. Туура жазылыптыр ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-30 12:04:06
30.10.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: