super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 30-ОКТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев 49 жашка чыкты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев 1968-жылы 30-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылында төрөлгөн.

1986-жылы Кыргыз айыл чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы зооинженер адистигин алып чыккан. Эмгек жолун 1985-жылы Өзгөн районундагы "Тамеки" чарбасында каттоочу техник болуп иштөө менен баштаган. 1986-1996-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунда студент, аспирант, ассистент болгон. Ал эми 1996-1998-жылы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдар ассоциациясынын башкы адиси болуп эмгектенген.

1999-2000-жылдары президенттик аппаратта мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн агрардык саясат сектор жаатында эксперти болуп иштеген.

2000-2006-жылдары президенттик аппаратта мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болуп, 2006-жылдын сентябрь айынан 2006-жылдын октябрь айына чейин президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсү болгон.

2007-жылдын 13-ноябрынан 27-ноябрына чейин президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы, 2007-2009-жылдары Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеген. 2011-жылдын 23-декабрында биринчи вице-премьер-министр кызматына дайындалган.

Ал эми 2012-жылдын 1-сентябрынан 6-сентябрына чейин премьер-министрдин милдетин аткарган. Ошол эле жылдын 10-сентябрынан тартып президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалып, 2015-жылдын май айына чейин ал кызматта иштеген. 2015-жылдын 5-ноябрынан 2016-жылдын апрелине чейин биринчи вице-премьер-министр болгон. 2016-жылдын 14-апрелинде президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2017-жылы 30-январда КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

30-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: