super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте футзал боюнча өлкөнүн Суперлигасы старт алып, командалар өз ара беттешишти (фото, беттештердин жыйынтыгы)

 

Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) 27-29-октябрь аралыгында Кыргыз өлкөсүнүн футзал боюнча Суперлигасынын алгачкы оюндары өттү. Анда "В" жана "С" тайпаларында беттештер өтүп, 6 команда өз ара беттешишти. Ал эми "А" тайпасындагы беттештер 3-5-ноябрь аралыгында Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлөт.

Эске салсак, аталган мелдешке 9 команда катышып, 3 тайпага бөлүнүп өз ара беттешмек болушкан. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 1-4-орунду ээлеген командалар жарым финалдык баскычка өтөт.

"А" тайпасы: "EREM" (Ош), "Баткен" (Баткен), "Жалал-Абад" (Жалал-Абад).

"В" тайпасы: "Мурас" (Ысык-Көл облусу), "Фарватер" (Бишкек), МФК "Жакшылык" (Бишкек).

"С" тайпасы: "Бакубат Талас" (Талас), "Алга" (Бишкек), "Sun City" (Бишкек).

Беттештердин жыйынтыгы:

27-октябрь:

"Фарватер" - "Sun city" - 8:3

Голдор: Абдыкадыров (3-мүнөттө), Кандалинов (12, 24), Кабылбаев (24), Күлбараков (30, 31), Өмүрсултанов (34), Орозбеков (38) - Хамидов (6), Юнусов (9, 16).

"Алга" - "Мурас" - 3:5

Голдор: Эрмеков (13), Иманбеков (16), Малинин (автогол) - Кадыров (4, 23), Молубаев (16, 33), Вилямов (23).

"Жакшылык" - "Бакубат Талас" - 7:0

Голдор: Таштанов (7, 18, 31, 37), Алмахунов (15), Салы уулу (37), Табалдиев (24).

28-октябрь:

"Мурас" - "Бакубат Талас" - 5:0

Голдор: Малинин (2, 17), Байтиков (13), Вилямов (13,15)

"Жакшылык" - "Sun City" 2:1

Голдор: Турсунов (6), Анарбек у. (30) - Маратов (11)

"Фарватер" - "Алга" - 4:3

Голдор: Өмүрсултанов (5, 39), Жуматаев (37), Абдыкадыров (40) - Данибаев (27), Толонбай уулу (32), Эрмеков (31).

29-ноябрь:

"Фарватер" - "Бакубат Талас" - 4:1

Голдор: Абдуразаков (9), Усеинов (25), Эсенкулов (32) - Баатырбек уулу (31)

"Алга" - "Жакшылык" 5:1

Голдор: Гафуров (9), Иманбеков (22, 26), Мамбеталиев (22), Исабеков (32) - Усупов (26).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: