Депутат Улугбек Ормонов эч ким үй салбаган айылга мектеп салынып жатканына нааразы болду
“Бир Бол” фракциясынан депутат Улугбек Ормонов эч ким үй салбаган айылга активдүү түрдө мектеп салынып жатканына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өкмөт Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмасына жалган маалымат менен жооп берип жатат.
“Жогорку Кеңештин агрардык комитетине Жазы айыл өкмөтүндө тиешелүү жерди бөлүп берүү боюнча айылдык кеңештин депутатынын корутундусу жок деп жооп келген. Айылдык кеңештин жыйынындагы токтомдорду алдым. Бул маселе коюлуп, каралган да эмес. Райондук, облустук тиешелүү кызматтын жетекчилери Жогорку Кеңештин тапшырмасы көңүл бурбай, болбогон жалгандар менен жооп берген. Жыйынтыгында бүгүнкү күндө Ана-Кызыл айылында эл үй салган эмес. Ал жерде салынып жаткан үйлөр мамлекет тарабынан гана салынууда. Ал эми эл тарабынан 9 үйдүн гана фундаменти салынган. Эч ким үй салбаган жерге 60 миллион сом акча бөлүнүп, мектеп курулуп жатат. Биз тыйын жок деп туруп, тыйынды талаага көмүп жатабыз. Учурда ал жакта мектептин азыр зарылчылыгы жок. 2018-жылы жазында башташ керек болчу”, - деди ал.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев бул маселе боюнча тактап, кат түрүндө жооп бере турганын айтты.


Жазга чейин ошол акчага боордошторубузга уй тургузалы деген оюн айтты. Кышында уйсуздор эмес уйлуу адам канча кыйналат