Вице-премьер-министр өлкөдө уйлар 100 пайыз идентификациядан өткөнүн айтты
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев өлкөдө уйлар 100 пайыз идентификациядан өткөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Ал букаларды идентификациядан өткөрүү иши жылдын аягына чейин бүтө турганын белгиледи. “Айылдарда СССР убагындагы стреотиптер калып жарандар канча малы бар экенин жашырышып, санын азайтып айтып коюшат. Жылдын аягына чейин ири мүйүздүү малды өткөрүп алсак, кийинки жылы жылкыларды өткөрөбүз”, - деди ал.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров малдын кулагына "сөйкө" салып койгон менен иш бүтпөй турганын айтты. Депутат малды идентификациядан өткөрүү иши толук кандуу болбой жатканын белгиледи. Ал бодо малдын баары 2017-жылы идентификациядан өтүшү керектигин, бардык ишти айыл өкмөткө жүктөй берген туура эмес экенин кошумчалады.









1 |