super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитетинде депутат каржы министринин орун басарын жумуш ордунан таппай жатканын айтты

 

Депутат Алмасбек Акматов каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевдин жумуш ордунан таппай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда парламенттин комитет жыйынында билдирди.

"Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев парламенттин комитетинин төрагасынын орун басары таппай жаткандан кийин башкалар кайдан тапсын? Мамлекеттик иш боюнча өткөн аптадан бери Бакетаевди жумуш ордунан таппай жүрөм. Жумуш телефонуна чалсам катчысы гана жооп берет. Айтып коём дейт. Бирок жооп жок”, - деп каржы министри Адылбек Касымалиевге кайрылды.

Каржы министри бул маселени Акматов Жогорку Кеңештин жыйынында көтөргөндө эле премьер-министрдин кароосуна жөнөткөнүн айтты. Касымалиевдин айтымында, премьер-министр бул боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берген. Министр депутатка кийинки жумада жооп бере турганын кошумчалады.

Эске салсак, 26-октябрда Акматов бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүп чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: