Каржы министри: "Буга чейин кабыл алынган бюджет эч качан 100 пайыз аткарылган эмес"
Каржы министри Адылбек Касымалиев буга чейин кабыл алынган бюджет 100 пайыз эч качан аткарылбаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.
"2016-жылкы бюджет киреше бөлүгү 100 пайыз аткарылган жок. Ошого жараша чыгаша булагы 100 пайыз аткарылган эмес. Бюджет биздин эле өлкөдө эмес бүт өлкөдө 100 пайызга аткарылбайт. Мисалы, Түркмөндөрдүн киреше булагы 102 пайызга, ал эми чыгаша булагы 86 пайызга, ал эми Казакстанда 98 пайыз, Орусияда дагы 98 пайыз аткарылган. Бюджеттин жаратылышы ошондой 100 пайызга аткарылбайт", - деди.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов министрди башка өлкөнү мисал кетиргенди токтотууга чакырып, мурда 100 пайыз эле аткарылып келгенин айтты.
Каржы министри 1990-жылдан тарта бюджет 100 пайыз аткарылбаганын кошумчалады. Учурда жыйында Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу маселе каралып жатат.

