super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Кыргыз курамасынын машыктыруучусу: "Атаандаштарыбызга биздин футболдун деңгээли жогору экенин көрсөтөбүз"

 
Оман курама командасынын машыктыруучусу Рашид Аль Яфай.
Непал курама командасынын машыктыруучусу Лопсанг Гюрунг (солдо). БАЭ курамасынын машыктыруучусу Лжибинко Друлович (оңдо).
Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Николай Южанин.
Бахрейн курамасынын машыктыруучусу Мохаммед Алмокла.

Бишкек шаарында 31-октябрдан баштап 8-ноябрга чейинки аралыкта өтө турган футбол боюнча жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарына Кыргыз курама командасынын даярдыгы мыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу Николай Южанин билдирди.

Николай Южаниндин айтымында, мелдеш Бишкекте өтүп жатканы кыргыздар үчүн чоң сыймык экенин айтты. "Окуу-машыгуу жыйындарында алган тажрыйба Кыргыз өлкөсүндө футболдун өнүгүүсүнө түрткү берет деп ишенем. Бул мелдешке биз акыркы 2 ай бою даярдык көргөнбүз. Чет өлкөдөн келген конокторго биздин футболдун деңгээли жогору экенин көрсөтөбүз деп ойлойм. Мелдештин жыйынтыгында футболдун өнүгүүсүнө салым кошуп, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашканга аракет кылабыз. Бардык командаларга ийгилик каалайм", - деди Николай Южанин.

Оман, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Непал өлкөлөрүнүн машыктыруучулары Бишкекке биринчи жолу келип жатканын айтып, өтө турган оюндарга даяр экенин билдиришти.

Эске салсак, жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу этабында Кыргыз курамасы "А" тайпасына бөлүнүп, Оман, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттар жана Непал курама командалары менен беттешет.

Бардык оюндар Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Оюндардын тизмеси (Бишкек убактысы боюнча):

31-октябрь:

12:00 - Кыргыз өлкөсү - Непал

17:00 - Оман - БАЭ.

2-ноябрь:

12:00 - Кыргыз өлкөсү - Оман;

17:00 - Непал - Бахрейн.

4-ноябрь:

12:00 - Бахрейн - Кыргыз өлкөсү;

17:00 - БАЭ - Непал.

6-ноябрь:

12:00 - БАЭ - Кыргыз өлкөсү;

17:00 - Оман - Бахрейн.

8-ноябрь:

12-00 - Непал - Оман;

17:00 - Бахрейн - БАЭ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: