Парламент комитетинде маданият министри кызматына Султан Жумагуловдун талапкерлиги жактырылды

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Султан Жумагуловдун талапкерлиги жактырылды.
Маалым болгондой, аны аталган кызматка премьер-министр Сапар Исаков сунуштаган. Султан Жумагулов бул ишти алып кетүүгө жашы, тажрыйбасы дагы жетиштүү экенин айтты.
КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Түгөлбай Казаковдун кызматтан кетиши боюнча вице-премьер-министр Чолпон Султанбековадан сурады.
Султанбекова Казаков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 28-октябрда Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулган.
Маданият министри кызматына сунушталган Султан Жумагулов Кыргыздагы белгилүү журналист, мурун "Азаттык" радиосунун, ЭлТР жана КТРК телеканалынын жетекчи кызматтарында иштеп келген.




1 |