super.kg logo

Депутаттар Илим Карыпбековдун парламент комитети тууралуу жазган билдирүүсүнө нааразы болушту

 

Бүгүн, 30-октябрда парламент комитетинин жыйынында депутаттар КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун парламент комитети тууралуу интернеттеги баракчасына жазган билдирүүсүнө нааразычылык билдиришти.

КСДП фракциясынан депутат Гүлкан Молдобекова: “Чакырылгандардын баарына сөз берилбей калат. КТРКнын башчысы комитет жыйынына катышып, эки саатты жөн эле кетиргени тууралуу жазыптыр. Биз Карыпбековдун жыйынга өзү катышуусун талап кылабыз”, - деди.

Рыскелди Момбеков: “КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков ушул жерде отурган депутаттардын ар-намысына шек келтирди. Эки саат бою 3 депутат анча-мынча суроолорун берди деп сындаптыр. Депутаттардын деңгээли төмөн дегендей сыпаттаган. Бюджет боюнча отчёт алууну КТРКнын өзүнөн башташ керек”, - деди.

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Тазабек Икрамов КТРКнын Байкоочу кеңеши бул боюнча баа бериши керектигин белгиледи.

Бүгүнкү жыйынга Илим Карыпбеков келген жок.

Илим Карыпбеков 23-октябрда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу төмөндөгүдөй билдирүү калтырган. "Парламенттеги комитеттик жыйындардын бирине чакырылып, ага барганымда болжолдуу 42 аткаминер отурганын көрдүм. Талкуу 2 саатка созулду. Ал аралыкта 8дей депутат орточо экиден суроо беришти. Бардык суроолор министрлерге багытталып жатты. Тактап айтканда, жыйынга чакырылган 42 аткаминерден үчөө гана керек болгон экен. Калганы көрүүчү болуп отурду. Менин айлыгым кошумча төлөмдөрдү кошпогондо 28 миң сом", - деп жазган Илим Карыпбеков убакыттын текке кеткенин кыйыткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
30.10.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чындыкты айтса ба чычалашат.. Ушул депутаттардан пайда деле жок негизи.. Кичинекей балдардай болуп ХХХХ ушак айтышып кана отурушат..
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-30 16:42:53
30.10.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайлоонун жыйынтыгы чыгыптыр... Чыкпаса да белгилүү болчу.
30.10.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Момбеков мырза, деңгээлиңер төмөн экенин өзүңөр анча эле билбейт окшойсуңар? Билип алгылы деңгээлиңерне мышык ыйлайт..
30.10.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
admiral,кошулам чала сабат балт этирип суйлоштон башка эчнерсе ге жарабайт
30.10.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Илим ишин буткону калды.АША XXXX койоберди.Шайлоо отту жыйынтыгы сен элге да бийлике да кереги жок ...немесин.Караяшигин жакында сени шыбайт.Бийликти мактап бир жактуу иштедин эле эми узурун корчу убак келди.Эх силерди бийлик XXXX иштетти го чиркин,эми XXXX урнага.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-30 22:43:51
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: