БШКнын эки мүчөсү шайлоонун жыйынтыгына кол коюудан баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-октябрда президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Бирок жыйынтыктын протоколуна БШКнын мүчөлөрү Гүлнара Журабаева жана Атыр Абдрахматова кол коюудан баш тартты.
Абдрахматова: "Мен кол коё албайм, каршымын", - деп себебин айтып берди. Ал эми Гүлнара Журабаева жыйынга келе алган эмес, бирок каршы экенин билдирген.
Мекеменин башка мүчөсү Алмаз Асаналиев Атыр Абдрахматованын айткандарын сынга алды. "Шайлоо эң таза өттү. Шайлоодон кийин болгону 4 гана арыз келип түштү. Атыр карындашым азыр өзү айтып жаткан иштерди өзү жасашы керек эле, бирок биздин үстүбүзгө иш үйүп жатат. Бул сөздөрү суу кечпейт", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
7

