БШК: "15-октябрда шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо үчүн 26 мамлекеттен 80 миң хакерлик чабуул жасалган"
15-октябрь күнү президенттик шайлоодо добуш берүү системин бузуу үчүн жалпы 80 миң хакерлик чабуул жасалган. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын бүгүн, 30-октябрдагы жыйынында билдирди. Анын белгилешинче, добуш берүүнүн электрондук түрдөгү бөлүгүнүн жыйынтыгы чыккан учурда бир эле кезде 20 миңден ашык хакерлик чабуул жасалган.
"Кечки саат 21:05те эле 20 миңден ашык хакерлик аракет болду. Бул жалпы 26 мамлекеттеги хакерлер тарабынан жасалды. Бирок канчалык чабуул болбосун добуш берүү системине эч кандай таасир бере алган эмес. Эми мунун канчалык туура же туура эмес экени териштирилет", - деди Шайлдабекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

деген соз ал жок нерсе 100%