Экономика министри: “ЕАЭБ өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргыздын экономикалык өсүүсү жогору”
Экономика министри Артём Новиков ЕАЭБ өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргыз өлкөсүнүн экономикалык өсүүсү жогору экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн отурумунда билдирди.
Анын айтымында, өкмөт инвестиция иштерин жакшыртуу боюнча бир топ иш-чараларды уюштурган. “Биринчи жолу ачылган ишканалар 3 жыл текшерүүдөн өтпөй турган болду. Айыл чарба продукцияларын иштетүү үчүн 6 пайыздык насыялар берилип баштады. Экономикалык өнүгүү пландалган көрсөткүчтөн 0,8 пайызга жогору. Экономика 5 пайызга жогорулады. Бул көрсөткүч ЕАЭБ өлкөлөрүндө эң жогорку болуп эсептелет”, - деди ал.
Ошону менен министр ички дүң продукциянын көлөмү 2017-жылдын январь айынан сентябрга чейин 335 миллиард сомду түзгөнүн кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

