super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Үйлөнүү тойдогу кызыктуу окуялар эсиңиздеби?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүү тойдогу кызыктуу окуялар" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Тойдо күйөө бала абдан узун бойлуу экен. Бата тойдо кийит кийгизишип, акча кыстырмай башталды. Эки жагындагы жандоочу жеңелеринин бою кыска, жаш да экен. Туугандары, достору акча кыстарган сайын тиги жеңелери акчаны ала албай, бактагы алмага асылгансып күйөө балага асылып акчаны алып турушкан. Жездебиздин бир досу атайын акчаны калпагынын үстүнө коюп койду. Бир жеңеси тыпылдап барып кичинекей табуретка алып келип, ошонун үстүнө чыгып акчаны алган. Карап тургандар аябай күлүшкөн эле. Кызыктын баары тойдо да".

"Той бүтөргө жакын баланын достору сүйлөйт эмеспи, достору сүйлөп каалоо-тилектерин айтып, белегин тапшырышты. Белеги чоң сыналгы болчу, анын кутусуна чоң 3 таш салып коюшуптур. Көрсө белектин акчасын эчак эле беришкен экен. Ал эл көзүнө эле берилген белек болду. Андай белекти биринчи көрүшүм эле".

"Той уланып, кечинде тойканага бардык. Ата-энелер сүйлөп бүткөн соң акча кыстырмай башталып, аны жакындары чогултушат эмеспи. Дал ошол жерине келгенде эже-сиңдилер "мен атамдын акчасын чогултам, сен апама бар" десе, экинчиси көнбөй "жок, сен апама бар, мен атамдын жанында болом" деп айтышып жатып эле урушуп, чачташып кетишти. Элдер "кой" десе да болушпайт, кайра күчөп, илгерки "косяктарынан" бери айтып салышса болобу".

"Тоюбуз аяктайын деп калганда тойканада электр жарыгы өчүп калган. Ачка турган жаным отуруп эле, эч жакты карабай жеп киргем. Мага жарыктын өчкөнү майдай жакты. Кайра эле 5 мүнөттө күйүп калганы жакпай калган".

Кызыктуу окуяларыңыз менен бөлүшкүңүз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.10.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тобоо чачташкандары эмнеси?
30.10.2017. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
engel,Ошо ишенген жокмун
30.10.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Досум уйлонгондо достор акыры суйлоп белек бермей болдук. Ошентип той акырында достор чогулуп микрофонго келдик. Ким суйлойт болуп бир аз кызып калган досубуз мен деп эле баштады. Урматтуу досум эрлан аяшым деп атын эсинен чыгарган окшойт,аяшым Аяш десе бир кулкулуу угулду. Ресторан дуу бир кулду. Ошондон кийин досумун кличкасы аяшым Аяш болду да калды.
Tyty1990 түзөттү 2017-10-30 20:08:05
30.10.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин билдируум чыгып калыптыр го)))
31.10.2017. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да курбу болуп барганым эстен кетпейт,кызды алып кеткен куну эле тундо никесин кыйганы молдо келди,баарыбыз чарчаганбыз канча кун уктабай,анан эле киргиле куболор деп киргизип койду,окул ата,апасы,куйоо жолдош да кызуу болчу..молдо суйлой берди,канча убакыт суйлоду билбейм..баарыбыз жер сузуп отурдук,бир убакта окул ата ай молдоке бутурчу эртен озум эле айтып коем калганын деп салды..ынгайсыз боло туштук баарыбыз..созун дагы жарымсаатсуйлоп,суусун берсе куйоо жолдош ичип салган баарын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: