БШК: "Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 1-декабрга чейин өтүшү мүмкүн"

Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 1-декабрга чейин өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG'ге БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын белгилешинче, шайлоонун акыркы жыйынтыгы мамлекеттик гезитке жарыялангандан кийин 30 күндүн ичинде инаугурация өтүүсү шарт.
"Биз бүгүн шайлоонун жыйынтыгын чыгардык. Ал эми 3 күндүн ичинде мамлекеттик гезитке жарыяланышы керек. Расмий жарыялангандан кийин 30 күндүн ичинде инаугурация өтөт. Демек, 1-декабрга чейин өтүшү мүмкүн", - деди Бекматов.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 2011-жылдын 1-декабрында болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
1

