БШК: "Жээнбеков, Бабанов жана Мадумаровдун күрөөгө койгон акчалары кайтарылат"

Президенттик жарышка катышып, шайлоочулардын 5 пайыздан ашыгынын добушун алган Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов жана Адахан Мадумаровдун күрөөгө койгон бир миллион сом акчалары кайтарылат. Бул тууралуу БШКнын бүгүн, 30-октябрдагы жыйынында белгилүү болду. Ал эми бул белгиленген чекке жетпей калган талапкерлердин акчалары берилбейт.
"БШКнын атайын эсебине 18 талапкерден 17 миллион 650 миң сом келип түшкөн. Бирок 5 талапкер катышуудан баш тарткандан кийин акчалары кайтарылып берилген. Эми үч талапкердики берилсе, калганына берилбейт", - деди БШКнын пландоо, эсепке алуу жана отчёттуулук бөлүмүнүн башчысы Э.Утуров.
Утуров шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө бюджеттен 671 миллион 502 миң 100 сом которулуп, 1-турда 500 миллион сомдун тегерегинде акча коротулганын кошумчалады.
"Жогоруда көрсөтүлгөн акчанын 539 миллион 450 миң 600 сому 1-турга, 132 миллион 49 миң 500 сому 2-турга каралган. Бирок биз үнөмдөө жолу менен 1-турдан болжолдуу түрдө 35-40 миллион сомдун тегерегинде акча ашырып калдык. 2-турга делинген акчаны, үнөмдөлгөн жана шайлоо фондуна талапкерлерден берилген акчаны бюджетке кайтарабыз", - деди ал.
Айта кетсек, бүгүн БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Анда Сооронбай Жээнбеков - 54,22 пайыз, Өмүрбек Бабанов - 33,83 пайыз, Адахан Мадумаров - 6,57 пайыз алышкан. Калган талапкерлер алган добуштар 5 пайызга жеткен эмес.


ХХХХ дагы шайлоо отту деп коюшат... Шайлоо эмес, маскарачылык, шермендечилик болду.....